Токмокто баңгизат колдонуп алган айдоочу жөө өтмөктөн апасы менен 5 жаштагы кызды сүздү

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 11:30 чамасында болгон. Анда 41 жаштагы Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө өтмөктө бара жаткан эне-баланы сүзүп кетти. 5 жаштагы бөбөк ооруканага жетпей үзүлгөн, апасы оор жаракат алып Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыккан. Медициналык кароонун актысына ылайык, айдоочу унааны баңгизат колдонуп алып башкарып жүргөнү аныкталды.
Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:31
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.