Молдовада парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Президенттин партиясы жеңишке жетти
Молдовада өткөн парламенттик шайлоодо президент Майя Сандунун "Аракет жана тилектештик" партиясы алдын ала маалыматтар боюнча жаңы чакырылыштагы Молдова парламентинин көпчүлүк орунуна ээ болду.
99,91 пайыз добуш эсептелгенден кийин PAS партиясы 50,16 пайыз добуш алып, парламенттин 101 орунунан 54үн ээледи.
Бул — мурдагы чакырылыштагы көрсөткүчтөн төмөн. Анткени мурдагы парламенттин курамында PAS партиясынын 61 депутаты бар болчу. Ал эми Европага жакын деп эсептелеген "Альтернатива" блогу алдын ала маалымат боюнча сегиз мандат алат.
Ал эми проорусиялык "Патриоттук блок" шайлоо комиссиясынын эсептөөлөрүнө ылайык, 24,19 пайыз добуш алып, 27 депутаттык орунду камсыздады.
"Патриоттук блокко" мурдагы президент Игорь Додон жетектеген Социалисттер партиясы, дагы бир мурдагы президент Владимир Воронин башында турган Коммунисттер партиясы жана 2001–2008-жылдары премьер-министр болгон Василий Тарлев түзгөн "Молдованын келечеги" партиясы кирет.
Бул үч саясий күчтөн тышкары парламентке дагы эки партия өттү: Молдованын Румыния менен биригишин жактаган улутчул-консерватор Василе Костюк жетектеген "Үйдөгү демократия" партиясы жана популист Ренато Усатый жетектеген "Биздин партия".
Шайлоо партиялык тизме аркылуу өттү. Парламентке өтүү үчүн партиялар жок дегенде 5 пайыз добуш, ал эми блоктор 7 пайыздан кем эмес добуш алышы керек эле.
Кампания маалында бийлик менен оппозициянын ортосунда көптөгөн жаңжалдар чыгып, бири-бирин башаламандык даярдап жатат деп айыпташкан. Шайлоо күнү жакындаганда массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен ондогон жаран кармалган.
Молдовадагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча европалык саясатчылар да пикирлерин билдиришти.
"Молдова, сен дагы бир жолу ийгиликке жеттиң", — деп жазды Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен X социалдык түйүнүндө. Ал Молдова Европаны, демократияны жана эркиндикти тандаганын белгиледи.
Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта да Евробиримдик атынан Молдовага колдоо көрсөттү.
"Молдова эли өз сөзүн айтты, алардын билдирүүсү айкын жана түшүнүктүү. Алар демократияны, реформаларды жана Европага багытталган келечекти тандашты", — деп жазды ал X социалдык түйүнүндө.

