Казакстанда белгилүү актёр Жеки Чанга анын сүрөтү түшүрүлгөн килем белекке беришти (видео)




Казакстанга келген белгилүү актёр Жеки Чанга сүрөтчү Ассел Сабыржан кызы анын сүрөтү түшүрүлгөн килем белекке берди. Бул тууралуу Сабыржан кызы социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Маалым болгондой, Сабыржан кызы килемдерге белгилүү инсандардын уникалдуу сүрөттөрүн түшүрүү менен алектенет. Ал Чандын портретин килемге түшүрүп, сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялаган.
Буга чейин ал ушундай эле портрет түшүрүлгөн килемди ырчы Женифер Лопеске белек кылууга да жетишкен.
Эске салсак, 23-сентябрда Казакстандын Алматы аэропортунан дүйнөгө белгилүү актёр Жеки Чан байкалган. 71 жаштагы киножылдыздын учактан түшүп жатканы видеого тартылып, бул социалдык тармактарга тез эле тарап кеткен. Көп өтпөй Жеки Чандын Казакстанда өзүнүн жаңы долбоорун баштоо үчүн келгени, ал тургай алдыда тартыла турган тасма үчүн тиешелүү жерлер да тандалып калганы айтылган болчу.
Казакстанда Жеки Чанга сүрөтү түшүрүлгөн килем белекке беришти

