Гоголь көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери уланууда (фото)





Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Гоголь көчөсүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө көчөнүн чыгыш тарабына Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин, батыш тарабы Бөкөнбаев көчөсүнөн Асыл-Таш турак жай комплексине чейин, Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейин чыгыш тарабына асфальт төшөө иштери аяктады. Калган тилкелерде асфальт төшөөгө даярдыктар уланууда.
"Иш дем алыш күндөрү жүргүзүлүүдө. Буга Гоголь көчөсүндө жайгашкан билим берүү мекемелеринин жана иш күндөрү байкалган жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын көптүгү себеп болууда", -деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары оңдоо иштеринин алкагында ирригациялык системаны куруу каралган. Мекемеден белгилешкендей, бул система суу агымын натыйжалуу башкарууга жардам берип, тротуарлардын узак кызмат кылуусун камсыздайт.
