Барскоондо жоголгон 17 жаштагы кыздын денеси табылды. Кылмышка шектүү 41 жашта
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кыздын денеси Боом капчыгайынан табылды. Бул тууралуу облустун жарандык активисттеринин бири билдирди.
Анын айтымында, кыз зөөкүрлөрдүн колунан ажал тапкан. Ал болгону 17 жашта болгон.
"Тилекке каршы, Боом капчыгайынан сөөгү табылды. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ушундай ишке барган зөөкүрлөр өлүм жазасы менен жазалансын демекчибиз. Айбан кылбаган ишти кылган зөөкүрлөр бул дүйнөдө да, Кудайдын алдында да жооп беришет. Ооз менен айтып бергис окуя болуп турат. Анткени ар бирибизде эже-карындаш, кыз, эне бар. Этият болуңуздар",- деди активисттердин бири.
Ал эми облустук милиция дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз Бишкек шаарынын тургуну тарабынан күч колдонулуп, андан соң өлтүрүлгөндүгү аныкталганын билдирди. Маркумдун денеси кечээ, 29-сентябрда Кемин районунун Жел-Арык аймагына ташталган жерден табылды.
Ыкчам иликтөө кызматы тарабынан шектүү катары 1984-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн бир нече пункттары боюнча айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Барскоондо жоголгон 17 жаштагы кыздын денеси табылды
