super.kg logo

Кош бойлуу аялдарды төрөт үйүнө жеткирген жол тескөөчүлөр сыйланышты

 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков өз милдетин жоопкерчилик менен аткарган жана жарандардын ыраазычылыгына арзыган кызматкерлерди сыйлады.

Башкармалыктан билдиришкендей, Жоробеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ырааттуу жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттерди көрсөткөн кызматкерлердин эмгегин жогору баалады.

Айрыкча, Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери кош бойлуу аялдарды өз убагында төрөт үйлөрүнө жеткирип, жаш балдардын аман-эсен жарык дүйнөгө келишине көмөктөшкөн учурлар өзгөчө белгиленди.

"Бул аракеттер – чыныгы кызматтык эрдиктин үлгүсү. Мындай үлгүлүү иш-аракеттер башка кызматкерлер үчүн да өрнөк болушу керек",- деди Жоробеков.

ИИМ кызматкерлердин мындай көрүнүктүү ишин коомчулукка жайылтууну, ошондой эле алардын коом алдындагы кызматына тийиштүү баа берүүнү уланта турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: