Сулуулуктун символу аталган атактуу актриса Моника Беллуччи 61 жашка толду
Белгилүү италиялык актриса, фотомодель, сулуулуктун эталону аталган Моника Беллуччи бүгүн, 30-сентябрда туулган күнүн белгилейт. Ал 1964-жылы Италиянын Читта-ди-Кастелло шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал өзүнүн табигый сулуулугу, таланттуу актёрдук оюну жана элеганттуулугу менен кино жана мода тармагында эң көп таанылган айымдардын бири.
Актриса көптөгөн кинематографиялык, академиялык жана мамлекеттик сыйлыктардын ээси, алардын арасында Ардактуу легион ордени бар. Бул макалада Моника Беллуччи тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.
Балалыгы
Мониканын балалыгы Италиянын Сельчи-Лама аймагында өткөн. Ал үй-бүлөдөгү жалгыз кыз болгон. Атасы транспорт компаниясынын ээси болсо, апасы Брунелла Бриганти үй кожойкеси жана сүрөтчүлүккө кызыккан.
Орто билимди ал католик мектебинде алган. Андан соң, Перуджа университетинин юридикалык факультетине тапшырган.
Модельдик карьерасы
Жаштайынан эле сулуулугу менен көзгө түшкөн Моника 13 жашында алгачкы жолу фотосессияга катышкан. 16 жашында модель катары карьерасын баштап, Флоренция жана Миландагы мода көрсөтүүлөрүнө чыккан. Кийинчерээк Париж жана Нью-Йоркто да ийгиликтүү иштеп, эл аралык деңгээлде белгилүү болгон.
Беллуччи модельдик карьерасында көптөгөн эл аралык бренддер менен кызматташып, белгилүү журналдардын беттерин азыркыга чейин кооздоп келет. Анын уникалдуу сулуулугу жана жандуу мүнөзү аны эл аралык аудиторияга таанымал кылган.
Кино дүйнөсүндөгү ийгиликтери
Моника Беллуччи кийинчерээк киного кадам таштап, актрисалык кесипте чоң ийгиликтерди жараткан. Алгач италиялык тасмаларда тартылып, кийин Голливуд жана европалык кинолордо роль аткарган. Анын эң белгилүү фильмдеринин катарына "Дракула", "Малена", "Матрица: Кайра жүктөө" жана "Матрица: Революция", "Гримм бир туугандар", "007: Спектр", "Астерикс жана Обеликс: Клеопатра миссиясы" тасмалары кирет. Ошондой эле ал көптөгөн зомбулук көрүнүштөрү бар "Доберман", "Кайтарылгыс" фильмдери сыяктуу талаштуу тасмаларга да тартылган.
Моника Беллуччи өзүнүн актёрдук чеберчилиги менен татаал жана эмоционалдык ролдорду өзгөчө таасирдүү аткарат. Ал кино сынчылары тарабынан терең психологиялык образдарды жарата алган актриса катары бааланат.
Сыйлыктары
Моника Беллуччи кинодо жана маданиятта көргөзгөн эмгеги үчүн көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ал Италиянын эң көрүнүктүү кино сыйлыктарынын бири болгон "David di Donatello" жана "Nastro d’Argento" сыйлыктарына номинацияланган жана жеңген. Ошондой эле Франциянын "César" сыйлыгына ээ болгон. Бул сыйлыктар Беллуччинин актёрдук чеберчилиги жана фильмдеги көрүнүктүү ролдору жогору бааланганын көрсөтөт.
Актриса көп жылдар бою кинодогу эмгеги үчүн да көптөгөн жетишкендиктерге жетип, сыйлыктарга ээ болгон. Аларга Италиянын "Flaiano" сыйлыгы жана "Globo d’Oro" сыйлыктары кирет. Франциядан ал "Өнөр жана адабият орденинин" рыцарь наамын алган, бул анын эл аралык деңгээлде таанылган талантын тастыктайт.
Мунун баары Моника Беллуччини дүйнөлүк кино тармагында белгилүү жана таасирдүү фигура кылып, актрисалык жана маданий эмгеги менен көптөгөн адамдарга үлгү болуп эсептелет.
Жеке жашоосу
Моника Беллуччи 1990-1994-жылдары фотограф Клаудио Карлос Бассо менен никеде болгон. Ал киного тартылган "Квартира" тасмасында актёр Венсан Кассель менен таанышып, 1999-жылы алар үйлөнүшкөн. Жубайлардын эки кызы бар - Дева (2004-жылы төрөлгөн) жана Леони (2010-жылы төрөлгөн). 2013-жылдын август айында Беллуччи менен Кассель расмий түрдө ажырашканы тууралуу жарыялашкан.
2023-жылдан тартып Моника Беллуччи америкалык кинорежиссёр жана продюсер Тим Бёртон менен романтикалык мамиледе болгон. Ал бул мамилени ошол эле жылы июнь айында Elle журналына берген интервьюсында тастыктаган. Ал эми октябрь айында Моника жана Тим Рим кинофестивалында биринчи жолу коомчулукка бирге чыгышкан.
Кызыктуу факттар:
Итальян тилинен сырткары, Моника эркин француз жана англис тилдеринде сүйлөйт, ошондой эле португал, испан, арамей, серб тилдерин жана дене тилин (кол жаңсап сүйлөшүү) билет.
2017-жылы Италия, Франция жана Болгарияда Моника Беллуччи Гийом Сбалчиеро менен биргеликте "Сырдуу жолугушуулар" аттуу китебин жарыялаган. Бул китеп үч жылдын ичинде түзүлүп, актрисанын жашоосунун ар кандай аспектилерин камтыйт.
Бүгүнкү күндө Моника Беллуччи дүйнөлүк маданиятта "итальян сулуулугунун символу" катары бааланат. Ал мода дүйнөсүндө дагы деле аренада жүрүп, ар кандай эл аралык долбоорлорго катышып келет.
30-сентябрга карата жылнаама.
