АКШда жасалма интеллект коопсуздугу боюнча биринчи мыйзам кабыл алынды
АКШнын Калифорния штаты өлкөдө жасалма интеллекттин (ЖИ) коопсуздугу боюнча биринчи мыйзамды кабыл алды. Губернатор Гэвин Ньюсом кол койгон SB 53 мыйзамы OpenAI жана Meta сыяктуу ири ЖИ компанияларын коопсуздук чараларын коомчулукка ачык жарыялоого милдеттендирет.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, мыйзам дүйнөдө биринчи жолу ЖИ компанияларына киберчабуул же технологиянын коркунучтуу жүрүм-туруму тууралуу маалыматты түздөн-түз элге билдирүүнү талап кылат. Бул мыйзам Европа Биримдигинин ЖИни жөнгө салууларынан айырмаланып, маалыматты өкмөттөргө эмес, элге жеткирүүнү талап кылганы менен өзгөчөлөнөт.
Адистердин айтымында, Калифорниянын жаңы мыйзамы башка штаттар үчүн үлгү болуп, АКШда ЖИ боюнча ар түрдүү ченемдердин пайда болушуна жол ачышы мүмкүн.

