Ош облусунда Кыргызстан менен Франциянын туризм тармагындагы кызматташтыгы талкууланды






Бүгүн, 30-сентябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Жолугушууга Франциянын маданият боюнча өкүлү Этьенн Лансэло да катышты. Тараптар жолугушууда эки өлкө ортосундагы достук мамилелердин жана ар тараптуу кызматташуунун маанисин баса белгилешип, айрыкча туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурушту.
Атап айтканда, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын өнүктүрүү максатында план даярдалып жатканы айтылып, анда аркан жолдорду, зиплайн жана башка туристтик инфратүзүмдөрдү куруу каралган. Бул багытта француз тарап менен тыгыз кызматташууга өзгөчө кызыкдар экендик белгиленди. Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да кызматташууну кеңейтүүгө жана достук алаканы чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-09-30
16:56
2025-09-29
Рейтинг:
0

