Ысык-Көлдө киши колдуу болгон кыз. ИИМ окуянын чоо-жайын билдирди

ИИМ окуянын чоо-жайына токтолуп, толук маалымат берди. Анда кабарлангандай, 27-сентябрда саат 20:30 чамасында Айсулуунун апасы 17 жаштагы кызы Караколго таанышыныкына кетип, дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Ыкчам иштер жасалып, анын натыйжасында кыздын ошол күнү саат 12:45 чамасында Honda Stream унаасына отурганын Барскоондун кире беришиндеги май куйган бекеттин камерасынан таап чыгышкан.
Шектүү жабырлануучуну алгач Жеңиш айылындагы пляждын түштүк тарабында жайгашкан алма бакка алып барып, болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып, мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган. Кийин өспүрүмдүн сөөгүн Кеминдин Жел-Арык айылына таштап кеткен.
Шектүү кылмышты жашыруу максатында автоунаасын жууп-тазалап, таштап кеткен. Ал эми телефон менен SIM-картасын жок кылган.
Буга чейин Ысык-Көл облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоп, 41 жаштагы шектүүнү Бишкекте качып жүргөн жеринин кармагандыгын билдирген. Кармалган жаран бир нече ирет соттолгондугу маалыматта кошумчаланды.
Ал эми маркум кыздын жакындары SUPER.KG порталына оор жоготуусу билдирип, такталбаган маалыматтар тарап жаткандыгын айтышты. Толугу менен YouTube каналыбыздан көрө аласыз!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.