Египеттик жаран тиши менен 700 тонналык кемени жылдырды (видео)
44 жаштагы египеттик балбан Ашраф Махрус салмагы 700 тонна болгон кемени тишине байланган аркан аркылуу 15 метрге жылдырды. Бул тууралуу NBC News жазды.
Спортчу өз жетишкендигин Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн арыз берүүнү пландап жатат.
Махрустун айтымында, учурдагы расмий рекорд салмагы 614 тонна болгон кеме менен коюлган. Ал өзүнүн ийгилигин далилдөө үчүн сүрөт жана видеолорду жөнөтүүнү көздөөдө.
Окуяга даярдануу үчүн спортчу белокко жана темирге бай диетаны карманып, күн сайын кеминде 12 жумуртка, эки тоок жана болжол менен 5 килограмм балык жеген. Ошондой эле ал күнүнө үч жолу эки сааттан машыккан.
700 тонналык кемени жылдыргандан кийин Ашраф Махрус дагы эки кемени, жалпысынан 1150 тонна салмактагыны тиштери менен сүйрөп кеткен. Ал келечекте жаңы рекорддорду жаңылоону, анын ичинде салмагы 263 миң тонна болгон суу алдындагы кайыкты жылдырууну да пландоодо.
Махрус "Кабонга" деген ат менен белгилүү. Мурда ал тиштери менен поезд жана локомотив сүйрөгөн. Ал эми быйыл март айында 279 тонналык курамды тартканы үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.
Египетте тиши менен 700 тонна салмактагы кемени жылдырган адам Гиннестин китебине кирди
