Ат-Башы районундагы мектепке кошумча корпус курулууда (фото)




Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Мектептин наркы 63 миллион сомго бааланып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жалпы аянты 1025 чарчы метрди түзгөн билим уясы заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан турат. Ошондой эле мектептин айланасына сырткы спорт талаасы курулмакчы.
Курулуш-монтаждоо иштери “Мейкин Улан” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, иштин аткарылышы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.