Мбаппе Казакстандын "Кайрат" клубу менен болгон беттеште оюн талаасына чыкпайт
Мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Килиан Мбаппе казакстандык "Кайрат" клубуна каршы УЕФА Чемпиондор Лигасынын жалпы этаптагы экинчи турунда оюн талаасына чыкпайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, "Реалдын" башкы машыктыруучусу Хави Алонсо ротация жүргүзүп, командадагы айрым лидер оюнчуларга эс алуу мүмкүнчүлүгүн берип, аларды кошумча оюнчу катары калтырууну чечкен.
"Кайрат" менен "Реал Мадриддин" оюну бүгүн, 30-сентябрда Алматы шаарында өтөт.
Буга чейин жалпы этаптын биринчи турунда "Кайрат" клубу түздөн-түз Лиссабондо өткөн беттеште португалиялык "Спортингге" 1:4 эсебинде жеңилип калган. Ал эми "Реал" өз талаасында француздук "Марселди" 2:1 эсебинде утуп алган.
Эске салсак, Казакстандын "Кайрат" клубу УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2025/2026-жылкы сезондогу плей-офф баскычында Шотландиянын атактуу "Селтик" командасын утуп, бул турнирдин негизги этабына тарыхта биринчи жолу жолдомо алган.
Эми быйыл күзүндө башталып, 2026-жылдын кыш мезгилине чейин созула турган негизги этапта Казакстандын "Кайраты" Европанын эң күчтүү клубдары менен сегиз жолу оюн талаасына чыгат. Казакстан испаниялык "Реал Мадрид", бельгиялык "Брюгге", грециялык "Олимпиакос" жана кипрдик "Пафос" клубдары менен беттешти Алматыда өткөрсө, италиялык "Интер", англиялык "Арсенал", португалиялык "Спортинг" жана Даниянын "Копенгаген" клубдары менен боло турган беттештерин башка өлкөдө өткөрөт.
