Жапаров: "Добуштарды компьютер санап, жыйынтыгын дароо чыгарып берет"

Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.
Кайрылууда Жапаров өткөн 30 жылда Кыргызстанда үч жолу мамлекеттик төңкөрүштөр шайлоо менен байланыштуу болгонун эске салды. Президент бул учурларда шайлоолор адилетсиз өткөндүктөн добуштар жасалма саналып, сатып алынганын, башка кандидаттардын пайдасына кайра жазылганын билдирди.
"Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти. Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз.
Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет.
Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат. Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот.
Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан. Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар.
Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат", -деди өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:32
2025-09-30
15:33
2025-09-30
Рейтинг:
0

