"Өзүм көзөмөлдөйм". Жапаров кыргызстандыктарды добушун сатпоого чакырды

Жапаров элге шайлоодо акылмандык менен добуш берүүнү жана добуштарды сатпоону эскертти. Добуш сатып алган депутат мамлекет үчүн эмес, өзүнө гана иштей турганын билдирди.
"Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир эле элбиз. Азыркы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир шайлоочу – бир добуш. Үчүнчү орун аялдардыкы. Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу.
Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан.
Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт",- деди өлкө башчы.
Ошондой эле ал бийлик тарап таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бергенин, эми шайлоо элдин колунда экенин кошумчалады.
"Добушуңуздарды сатпаңыздар. “Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар.
“Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт.
Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр. Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар.
Кимдерди шайласаңар да, алар силердин өзүңүздөрдүн 5 жылдык депутатыңар болот. Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок.
Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар", -деп билдирди Жапаров.
Ошондой эле ал жергиликтүү администрация кызматкерлерине, мугалимдерге жана дарыгерлерге шайлоого аралашпоону эскертти. Шайлоо процессин өзү башынан аягына чейин көзөмөлдөй турганын айтып, эл тандаган кандидат гана жеңиши керектигин, алар менен кызматташууга даяр экенин маалымдады.
"Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.
Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар.
Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн.
Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.
Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар.
Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн.
Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин.
Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз. Келиңиздер, биз деле өнүккөн өлкөлөр сыяктуу цивилизациянын туу чокусуна умтулалы. Экономика менен алектенели, коргонуу, коопсуздугубузду бекемдейли. Кыскасы, бул шайлоо биздин тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек", -деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:32
2025-09-30
15:33
2025-09-30
Рейтинг:
0

