Ошто балдар үчүн амфитеатр ачылды










Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош турган жерге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ачык типтеги амфитеатр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Ачылыш аземге Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, аталган борбордун эмгек жамааты, өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери катышты.
Алгач борбордун чыгармачыл ийримдеринин жаш таланттары тарабынан концерттик программа тартууланды. Шаар мэри амфитеатрдын ачылышы менен куттуктап буга чейин мэрия тарабынан борбордун имараты жана айланасы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп берилгенин, бүгүн ачык асман астында концерттик аянт курулуп, пайдаланууга берилип жатканын айтып өттү. Бул сапар да куру кол келбегендигин билдирип, борборго балдар үчүн кичи автобус белекке берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:22
2025-10-01

21:51
2025-10-01

20:44
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.