УКМК Ысык-Көлдө 3 аткаминерди кармады












Транспорт министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын жетекчиси, башкы инспектору жана инспектору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар кичи автобустардын айдоочуларынан акча талап кылып келишкен. Тагыраагы, айдоочулар бекер берилиши керек болгон маршруттук карталарды Каракол шаардык департаментинин кызматкерлеринен ар кандай суммада акча төлөп алып жүрүшкөн.
Кармалган шектүүлөр Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:57
2025-10-01

22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.