УКМКнын Чалгын кызматы аскер адамдарынын кыңыр ишин ачыктады








Коргоо министрлигинин кызматкерлери коррупциялык схемага катышкан деген шек менен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Тышкы контрчалгындоо башкы башкармалыгы жарандарды контракттык аскердик кызматка чакырууда Коргоо министрлигинде коррупциялык схема болгонун аныктаган. Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири Б.М. жана Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы М.А. менен алдын ала сүйлөшүп алып, анык аскердик кызматка чакыруу үчүн жарандардан 70 миңден 90 миң сомго чейин акча алып жүргөн.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (Пара алуу) 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Адамдардын тобу тарабынан) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен Б.М. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Атайын кызмат учурда аталган коррупциялык схеманын башка катышуучулары аныкталып, аларга карата тиешелүү издөө жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

