Кытайда сөөктөрдү бириктире турган желим ойлоп табылды
Кытайда Bone-02 аттуу уникалдуу медициналык желим иштелип чыкты. Ал сөөк сыныктарын бир нече мүнөттө эле бекемдеп, металл импланттарсыз же операция жасабай туруп айыктырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Chosun Ilbo басылмасы жазды.
Изилдөө Чжэцзян провинциясынан чыккан окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн. Макалада айтылгандай, Bone-02 сыныктарды дарылоого болгон көз карашты түп-тамырынан өзгөртө алат. Маалыматка караганда, ал 150дөн ашык бейтапка сыноодон өткөрүлүп, кан агуу шартында да заматта жабышкан. Желим 180 килограммдан ашык жүктү көтөрө алат жана алты айдын ичинде толугу менен эрип кетет, бул кайрадан операция жасоонун алдын алат.
2016-жылы кытай илимпоздору үлүлдүн сууда жабышып туруучу жөндөмүнө көңүл бурушкан. Ошол табигый моделге негизденип, Bone-02 формуласы ондогон жолу өзгөртүлүп, жүздөгөн жаныбарларга жасалган тажрыйбалардан кийин жыйынтык берген.
Окумуштуулардын айтымында, Bone-02 менен сыныкты бар болгону 2–3 сантиметр кесик аркылуу бекитүүгө болот. Бул материал бардык түрдөгү сыныктарга ылайыктуу. Адистер Bone-02 согуш талаасында же табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда алмаштырылгыс жардамчы боло турганын белгилешүүдө.
