Беларус, АКШ, Япония... Кайсы мамлекеттерде өлүм жазасы колдонулат?
Бүгүн, 1-октябрда киши колдуу болуп каза тапкан өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Алагөзов мамлекет башчы тарабынан зордуктоо менен коштолгон өлүм кылмыштарына өлүм жазасын киргизүүнү караштыруу боюнча тапшырма коюлганын белгиледи. Төмөндө дүйнөдө кайсы өлкөлөрдө өлүм жазасы киргизилгенин баяндайбыз.
Өлүм жазасы дүйнөдө 64 өлкөдө сакталып калган. Аларга Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Кувейт, Египет, Палестина, Сауд Арабиясы, АКШ, Беларус, Индия, Япония жана башка өлкөлөр кирет.
Amnesty International уюмунун акыркы маалыматы боюнча, 2022-жылы 55 өлкөдө өлүм жазасы колдонулган. Бул өлкөлөрдүн тогузунда өлүм жазасы эң оор кылмыштар үчүн гана колдонулган, мисалы, көп жолу адам өлтүрүү же согуш кылмыштары. Ал эми 23 өлкө өлүм жазасын мыйзамдаштырган, бирок акыркы 10 жылда колдонгон эмес.
Кытай өлүм жазасынын колдонулушу боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялабайт. Кытайды эсепке албаганда, 2022-жылы Amnesty International уюму дүйнө жүзү боюнча 883 өлүм жазасын каттаган. Бирок бул көрсөткүч 1988, 1989 же 2015-жылдардагыдай көп эмес, себеби ал жылдары 1500дөн ашык адам өлүм жазасына тартылган.
Amnesty International билдиргендей, Кытай өлүм жазасын эң көп колдонгон өлкө деп эсептелет. Анда жылына миңдеген адамдарды өлүм жазасына тарта турганы болжолдонсо да, аны так тастыктоо мүмкүн эмес.
Кытайдан тышкары эң көп өлүм жазасы Иранда, Сауд Арабиясында, Египетте жана АКШда аткарылган.
Amnesty International уюмунун баяндамасында дүйнөдө адамдарды эң көп өлүм жазасына тарткан 11 өлкө көрсөтүлгөн.
Алар: Кытай, Египет, Иран, Ирак, Сауд Арабиясы, АКШ, Вьетнам жана Йемен. Уюм ошондой эле Түндүк Корея "күч колдонуу менен өлүм жазасын үзгүлтүксүз колдонушу мүмкүн" деп эсептейт, бирок муну расмий түрдө тастыктоо мүмкүн эмес.
2022-жылы Сауд Арабиясында өлүм жазасынын саны соңку 30 жылдагы эң жогору көрсөткүчкө жеткен.
Бахрейн, Комор аралдары, Лаос, Нигер жана Түштүк Корея сыяктуу беш өлкө 2022-жылы өлүм жазасына тартылган адамдарды соттогон, бирок акыркы бир нече жыл ичинде аны аткарган эмес.
Өлүм жазасы жалпы эле колдонулбайт деп 112 өлкө эсептелет, 2022-жылы алты өлкө өлүм жазасын толугу менен жоюу чечимин кабыл алган.
Казакстан, Папуа, Жаңы Гвинея, Сьерра-Леоне жана Борбор Африка Республикасы аны толугу менен жоюшкан. Экватордук Гвинея жана Замбия өлүм жазасын эң оор кылмыштар үчүн гана колдоно турганын билдиришкен.
2023-жылдын апрелинде Малайзия парламенти 11 оор кылмыш, тагыраагы, адам өлтүрүү жана терроризмди камтыган милдеттүү өлүм жазасын алып салуу боюнча добуш берген. Ушул эле жылы июлда Гана парламенти да өлүм жазасын толугу менен жоюуну колдогон.
Азия өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясы өлүм жазасы боюнча маалыматтарын жашырбайт. 2024-жылы Сауд Арабиясында 303 адам өлүм жазасына тартылган. Бул өлкөнүн пенитенциардык системасын көзөмөлдөөнүн тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Жазага тартылган 303 адамдын ичинен 103ү баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн айыпталган. БУУнун адистеринин айтымында, баңгизат жүгүртүү боюнча айыпталып өлүм жазасына тартылгандардын үчтөн экисин чет өлкөлүктөр түзөт.
Өлүм жазасы көп колдонулган өлкөлөрдүн бири — Вьетнам. Бейөкмөт уюмдардын маалыматына караганда, 2022-жылы бул өлкөдө өлүм жазаларынын саны Вьетнам үчүн эле эмес, бүтүндөй Түштүк-Чыгыш Азия үчүн рекорддук көрсөткүчтү түзгөн. Бирок так саны белгисиз. Себеби вьетнамдык ЖМКлар толугу менен мамлекеттик көзөмөлдө жана бийлик мындай статистиканы ачыкка чыгарбайт.
Азияда өлүм жазасы боюнча алдыда Иран турат. 2024-жылы бул өлкөдө 900дөн ашуун адам өлүм жазасына тартылган, алардын басымдуу бөлүгү маңзатка байланыштуу кылмыштар үчүн соттолгон. Бул өлкөдө көбүнчө өлүм жазасы асып өлтүрүү жолу менен аткарылат.
АКШда 2024-жылы 9 штатта 25 адам өлүм жазасына тартылган. АКШ бийлиги негизинен өлүм жазасын аткарууда өлүм инъекциясын колдонот. Бул процедура үч баскычтан турат. Адегенде анестетик сайылып, адамды эс-учунан тандырат, андан кийин "панкурония бромид" деген парализатор колдонулат. Акырында жүрөктү токтотуучу калий хлориди сайылат.
АКШда инъекциядан тышкары дагы бир нече ыкмалар мыйзамдашкан, анын ичинде азот менен муунтуу да бар. 2024-жылдын 25-январында Алабама штатында биринчи жана азырынча жалгыз өлүм жазасы азот колдонуу менен аткарылган. Өлүм жазасына Кеннет Юджин Смит аттуу жаран тартылган. Ал 1988-жылы дин кызматчынын буйругу менен анын аялын өлтүргөн. Смиттин шериги Жон Форрест Паркерди 2010-жылы инъекция жолу менен өлүм жазасына тартышкан. Смитти 2022-жылы да инъекция менен өлтүрүүгө аракет кылышкан, бирок аткаруучулар тамырга ийне киргизе алышкан эмес. АКШда кесипкөй дарыгерлер түздөн-түз өлтүрүүгө катыша алышпайт, алар болгону байкоочу же өлүм фактыларын тастыктоочу катары гана катышат.
Смиттин адвокаттары өлүм жазасын токтотууну суранышкан, бирок сот аны кабыл алган эмес. Жабырлануучуга ийне менен өлтүрүү аракетинен эки жыл өткөн соң атайын маска тагылып, ага 15 мүнөт бою азот берилген.
Бул өлүм жазасынын ыкмасы эл аралык уюмдардын сын-пикирин жараткан. БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк муну кыйноого салыштырган. Ал эми Алабама бийлиги азот менен муунтууну "гумандык өлүм жазасынын эң мүмкүн болгон ыкмасы" деп баалаган.
Японияда өлүм жазасы негизинен оор кылмыш үчүн гана колдонулат. Мисалы, кошумча жагдайлары бар киши өлтүрүү үчүн колдонулат. Японияда өкүм жарыяланган адамдар ондогон жылдар бою жалгыз камерада кармалат жана өлүм жазасы аткаруудан бир нече саат калганда гана билдиришет. Кылмышкерлер күн сайын өлүмдү күтүп жашашат. Бирок кээде мындай ыкма адам өмүрүн сактап калат. Алсак, 2014-жылы Ивао Хакамада 45 жылдык өлүм жазасынан кийин абактан чыгарылган.
Беларуста 2022-жылы өлүм жазасы террористтер үчүн гана каралса, 2023-жылы мамлекеттик же аскердик саткынчылык кылгандар үчүн да киргизилген. Беларустун тарыхында 330 адам өлүм жазасына тартылып атылган, ал эми 3 адам амнистия менен куткарылган.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө 54 өлкөдө өлүм жазасы укуктук чара катары сакталат. 146 өлкө мыйзам менен аны токтоткон же практика жүзүндө колдонбойт.
