super.kg logo

"Сосновка" өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди 

 
Жайыл районунун "Сосновка" өткөрмөсүндө оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 16:30дан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, чектөө Бишкек–Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилди.
"Урматтуу айдоочулар! Зарыл болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырып туруңуз. Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу сиздин колуңузда. Кырсык катталган учурда 112 кызматына токтоосуз билдириңиз!" - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик тарабынан кезек күтүп турган айдоочуларга жылынуучу жай уюштурулганы айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: