super.kg logo

Психиатриялык мекемедеги "положенец": Башкы дарыгердин орун басары пара берүү учурунда кармалды

 

Ички иштер министрлиги тергөө учурунда пара берүү фактысына бөгөт койду. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда аталган министрликтен билдиришти.

Мекеме Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши бар экенин айтты.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан соттолгон 1985-жылы туулган А.Б. аттуу жаран киши өлтүрүүдөн кийин коррупциялык схемаларды колдонуу менен акыл-эси жайында эмес деп табылып, атайын психиатриялык мекемеге мажбурлап дарыланууга жиберилгени аныкталган. Ал жерде өзүн “положенец” деп жарыялап, “общак” үчүн каражат чогултууну уюштурган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1964-жылы туулган Э.Б. аттуу психиатриялык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары өзү жана жетектеген мекемеси үчүн текшерүүлөрдү токтотуп, кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн тергөө кызматкерлерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган. Э.Б. акча каражаттарын накталай берүү учурунда кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ, 30-сентябрда айыпталуучунун байкеси, 1983-жылы туулган А.М. аттуу жаран буга чейин кармалган жарандын кылмыш жоопкерчилигинен качуусуна көмөктөшүү максатында кызматкерге 190 000 сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылган учурда кармалган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: