super.kg logo

Адамдын тери клеткаларындагы ДНКдан биринчи жолу эмбрион жасалды

 

Окумуштуулар биринчи жолу адамдын терисинин клеткаларындагы ДНКны колдонуп эмбрион жасашты. Бул тууралуу BBC News жазды.

Маалым болгондой, бул технология жаш куракка же ооруларга байланыштуу тукумсуздук менен күрөшүүгө жардам бериши мүмкүн, анткени ал адамдын дээрлик бардык клеткаларын колдонуп жаңы жашоо жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, ушул ыкманын жардамы менен бир жыныстуу жуптар да өздөрүнө генетикалык жактан жакын балалуу боло алышат.

Бирок бул технологияны репродуктивдик саламаттыкты сактоо клиникаларында колдонууга чейин дагы өркүндөтүү керек, бул процесс болжол менен он жылга созулушу мүмкүн.

Эксперттер муну чоң жетишкендик деп белгилешүүдө. Ошол эле учурда окумуштуулар мындай ачылыштар коомго кандай жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турганын ачык талкуулоо зарыл экенин айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: