super.kg logo

Илон Маск дүйнөдөгү биринчи жарым триллионер болду

 

Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск байлыгы 500 миллиард долларга жеткен дүйнөдө биринчи адам болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Forbes журналынын реалдуу убакыттагы Миллиардерлер тизмесине ылайык, Масктын байлыгы 500 миллиард долларга жетти. Анын байлыгынын өсүшүнө Tesla акцияларынын калыбына келиши, ошондой эле жасалма интеллект боюнча xAI демилгеси жана SpaceX космос компаниясынын баасынын өсүшү таасир этти. Электр унааларын чыгаруучу Tesla компаниясынын акциялары жыл башынан бери болжол менен 14 пайызга кымбаттады.

Forbes журналынын Миллиардерлер тизмесинде Масктан кийин Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон жана Meta компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг турат. 2020-жылдын августунда байлыгы 100 миллиард доллардан ашкан Маск, 2021-жылдын январында болжол менен 190 миллиард долларлык байлыгы менен биринчи жолу дүйнөдөгү эң бай адам наамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: