super.kg logo

Сиз кайсы топтосуз? Окумуштуулар кандын тобу менен эрте инсульт коркунучунун байланышын аныкташты

 

Окумуштуулар кандын тобу менен эрте инсульт коркунучунун ортосунда байланыш бар экенин аныкташты.

Neurology журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, кан тобунун белгилүү бир варианты бар 60 жашка чейинки адамдарда кандын башка түрлөрүнө караганда инсульттун коркунучу жогору.

Дээрлик 17 миң бейтаптын жана 600 миң дени сак адамдын анализи көрсөткөндөй, 2-топтун A1 кичи тобундагы 60 жашка чейинки адамардын инсульт алуу коркунучу 16 пайызды түзгөн. Ал эми 1-топтун O1 кичи тобундагылардыкы 12 пайызды көрсөткөн. 3-топтогулар үчүн мындай коркунуч болжол менен 11 пайыз болгон. Журнал жарыялаган макалада 4-топтогулар көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетчү нерсе, бул байланыш 60 жашка чейинки инсульттарда гана табылган. Бул жаштан кийин мындай байланыш табылган эмес. Окумуштуулар бул кандын уюшу жана кан тамырлардын иштешиндеги айырмачылыктарга байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: