АКШ Украинага Орусиянын ичине ракета чабуулу үчүн чалгындоо маалыматтарын берет
АКШ Украинага Орусиянын энергетикалык инфраструктурасына сокку урууга жардам катары чалгын маалыматтарын берүүгө даяр экенин билдирүүдө. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Вашингтон Киевге алыска атылуучу ракеталарды берүү мүмкүнчүлүгүн да карап жатат. Сөз болуп жаткан куралдардын арасында Tomahawk жана Barracuda ракеталары бар. Алардын учуу аралыгы болжол менен 800 чакырымга жетет.
Чалгын маалыматтары менен бирге бул куралдар Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна, түтүктөрүнө жана электр станцияларына олуттуу зыян келтириши мүмкүн экени белгиленди.
АКШ аткаминерлери акыркы чечим азырынча кабыл алынбаганын, бирок Ак үйдөн расмий көрсөтмө күтүп жатканын айткан.
Буга чейин президент Владимир Зеленский Трамптан Москвага чейин жеткен ракеталарды сурап, алар Путинди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мажбурлайт деп билдирген.
