Трамп Си Цзиньпин менен болчу сүйлөшүүсүнүн негизги темасын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен болчу сүйлөшүүсүнүн негизги темасы соя болорун билдирди.
Анын айтымында, жолугушуу төрт жумадан кийин болот.
"Төрт жумадан кийин мен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушам жана соя негизги талкуунун темасы болот. Соя жана башка катардагы өсүмдүктөрдү кайра улуу кылам",- деп жазды ал Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына.
Трамп АКШын дыйкандары Кытай соя сатып албай жаткандыктан жапа чегип жатканын белгилеген.
"Мен дыйкандарыбызды эч качан капа кылбайм! Уйкулуу Жо Байден (ред.: АКШнын мурдагы президенти) биздин Кытай менен болгон келишимибизди аткара алган жок. Кытай биздин айыл чарба продукциябызды, өзгөчө сояны миллиарддаган долларга сатып алууну убада кылган",- деп кошумчалады Ак үй башчысы.

