super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт"

 

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу гендерлик теңчилик тууралуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, эгер кайсыл бир округда алдыңкы үч орунду тең айымдар ээлеп калса, анда 3-орун мырза талапкерге берилет.

"Анда 3-орун эркекке берилет. Бул орун гендерлик теңчиликтин орду.

Эгер биринчи эки орунду аялдар алса, анда 3-орунду эркектердин арасынан эң көп добуш алган эркек ээлейт. Кийин 3 депутаттын орундары бошосо, артында кезекте турган талапкерлер келе беришет. Мурдагыдай бошогон орундарга шайлоолор болбойт. Бул жерден да үнөм болот, бюджеттен чыгым болбойбуз. Мурда бошогон орундарга кайра-кайра эле шайлоо өткөрө берчүбүз. Бюджеттен 100 миллиондогон сомдор кетчү",- деди президент.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Бул жолу Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: