Пашинян Армениянын ЖККУдан көз каранды эместигин жарыялады
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парламентте сүйлөп жатып, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Ереван алдындагы милдеттенмелерин аткарбагандыгы Арменияны чыныгы көз карандысыз кылды деп билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, Армения өзүнөн башка эч кимге ишенбеш керектигин 2022-жылы түшүнгөн. Пашинян ЖККУнун коопсуздук системин "көбүк сымал" деп атады.
2024-жылдын февраль айында Ереван уюмдагы катышуусун убактылуу токтотуп жатканын жарыялаган, ал эми май айында анын каржылоосунан баш тарткан. 2025-жылдын июнь айында Армения ЖККУ мүчөлөрүнөн Азербайжандын аракеттерине карата билдирүү жасоону талап кылып, болбосо уюмдан чыгуу чечимин кабыл аларын эскерткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:18
2025-10-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.