super.kg logo

Ошто мугалимдер күнү салтанаттуу белгиленди

 
Бүгүн, 2-октябрда эл аралык Кыргыз-Өзбек университетинин жыйындар залында мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Мугалим — коомдун сыймыгы жана күзгүсү” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, окуу жайдын жетекчилиги, облустагы мектеп директорлору, “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрү, ошондой эле жалпы агартуучулар катышты.
Өкүлдүн орун басары облус жетекчисинин атынан сөз сүйлөп, билим берүү тармагында эмгектенип келе жаткан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал эми республикалык сынактардын жеңүүчүлөрүнө өкүлчүлүктүн атынан ноутбуктар тапшырылып, мыкты мугалимдер Ардак грамоталар менен сыйланды.
Салтанаттуу жыйында маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, катышуучуларга майрамдык маанай тартууланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: