super.kg logo

Башар Асадга Москвада кол салуу аракети болгондугу айтылууда

 

Сириянын мурунку президенти Башар Асадды Орусиянын борбору Москва шаарында ууландыруу аракети болгонун чет элдик ЖМК жазып чыкты.

Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө борборунун (SOHR) маалыматына ылайык, Сириянын мурдагы президенти Башар Асад ууланган. Учурда анын абалы туруктуу. Асад 29-сентябрда Москва четиндеги ооруканада дарыланып чыкты.

Маалым болгондой, Асад ооруканада жатканда аны көрүүгө болгону анын агасы Махир Асадга жана мурдагы президенттик кеңсенин башчысы Мансур Аззамга гана уруксат берилген.

Белгилей кетсек, сириялык оппозиция 2024-жылдын 8-декабрында Дамаскты көзөмөлгө алып, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алган. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: