super.kg logo

Казакстанда жасалма интеллект лабораториясы ачылат

 

Астанада жасалма интеллект лабораториясы ачылат. Анын алгачкы долбоору Telegram менен Казакстандын суперкомпьютердик кластеринин коллаборациясы болот. Бул тууралуу Telegram тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуров билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Мен бүгүн дал ушул имаратта, Астанадагы эл аралык жасалма интеллект борборунун имаратында жасалма интеллект лабораториясынын ачылышын жарыялап жатканыма абдан сыймыктанам",- деди Дуров Digital Bridge форумунун пленардык сессиясында сүйлөп жатып.

Анын айтымында, акыркы айларда Telegram блокчейн менен жасалма интеллекттин айкалышкан жаңы технологиясын иштеп чыккан. Бул инновация дүйнө боюнча 1 миллиарддан ашык адамга децентралдашкан компьютердик систем аркылуу жеке тартипте ЖИ функцияларын колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Дуров белгилегендей, жаңы долбоорду Казакстандын Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке киргизет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: