Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингден чыгарылды
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингден чыгарылды.
Жаңыртылган рейтинг Хорватияда 13–21-сентябрда өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыктары боюнча түзүлдү.
Тыныбекова Париж Олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын убактылуу токтотконун жарыялаган. Кийин ал Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланып, жакында UWW Спортчулар комиссиясынын мүчөсү болгон.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде дүйнөлүк рейтингде 3-орунду ээлеген, ал эми апрелде Азия чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча 5-орунга түшкөн. Июнь айында ал 7-орунду ээлеп, Хорватиядагы Дүйнө чемпиондугунунан кийин тизмеден чыгарылган.
Азыркы учурда бул салмак ченинде Кыргызстандын атынан Калмира Билимбек кызы бар, ал тизмеде 21-орунда турат.
