super.kg logo

Путин: "Учурда өзүн коопсуз сезген бир дагы адам жок"

 

Бүгүнкү күндө дүйнөдө эч ким өзүн коопсуз сезбейт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйынында билдирди.

"Муздак согуштан кийин өздөрүн жеңүүчү деп эсептегендердин бийликке болгон чектөөсүз умтулуусу жана эйфориясы бардык тарапка бир жактуу, субъективдүү түшүнүктөрдү таңуулоого алып келди. Натыйжада бүгүн эч ким өзүн коопсуз сезбей жатат", — деди Путин.

Анын айтымында, бул тууралуу Орусия буга чейин эскерткен.

Путин коопсуздук жалпы маселе экенин түшүнүү зарылдыгын белгиледи.

"Ар бир маданият жана цивилизация өз салымын кошушу керек, анткени өзүнчө эч ким туура жоопту билбейт", — деп белгиледи Путин.

Ошондой эле ал коопсуздук адамзаттын чакырыктарга жооп кайтаруу жөндөмүнө жараша болорун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: