Путин Украинадагы жаңжалды кантип алдын алууга мүмкүн болгонун айтты
Эгерде АКШнын президенти Дональд Трамп 2022-жылы бийликте болгондо, Украинадагы жаңжалды алдын алууга болмок. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин XXII эл аралык "Валдай" талкуу клубунун жылдык жыйынында билдирди.
Путиндин айтымында, НАТОну Орусиянын чек арасына жакындатуу жаңжалдын башталышына олуттуу себеп болгон.
Украинадагы согуш улантылып жаткан шартта АКШнын Ак үйү 2-октябрда Трамп тынчтыкты көздөй аракет кылып жатканын, бирок куралдуу кармашка катышкан тараптар келишимге кызыкдар болбосо, АКШ НАТО өлкөлөрүнө америкалык куралды сатып, аны Киевге өткөрүп берүүнү уланта турганын билдирди.
Ошондой эле Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын украин жаңжалын саясий-дипломатиялык жол менен жөнгө салууга умтулуусун жогору баалады.

