super.kg logo

ХАМАС Трамптын Газа планы боюнча комментарий берүүнү пландоодо

 

ХАМАС кыймылы АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган Газа жаңжалын жөнгө салуу планына комментарий берүүнү пландап жатканын кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Мухаммед Наззал билдирди.

"Бизде бул долбоор боюнча комментарийлер бар жана биз ХАМАСтын өкүлдөрү катары аларды айтууга укугубуз бар. Бул маселе боюнча жакында расмий жообубузду беребиз",- деп билдиргенин маалымдайт Катардын Al Jazeera телеканалы.

Наззал кыймылдын жетекчилиги келишимге макул болушу олуттуу экенин баса белгилеп, бирок ХАМАС Газада кыргын салуучу согушту уланта турган жана палестиналыктарды мыйзамдуу укуктарынан баш тартууга мажбурлай турган келишимди кабыл албай турганын айткан.

Буга чейин Al Hadath телеканалы өз булактарына таянып, Трамптын планын талкуулап жаткан палестин топтору айрым жоболордун аткарылышына тынчсыздануусун билдиришкенин маалымдаган.

Эске салсак, 29-сентябрда АКШ президентинин Газа тилкесин жөнгө салууга багытталган планы жарыяланган. Ал документ 21 пункттан турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: