super.kg logo

Кытайлык киши бөйрөгүн iPhone үчүн сатып жиберген

 

Кытайда жаш жигит Ван Шанкун жаштыгында iPhone 4 жана iPad 2 сатып алуу үчүн бөйрөгүн сатып, майып болуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 2010-жылы Аньхой провинциясындагы кедей үй-бүлөдөн чыккан 17 жаштагы өспүрүм ошол кезде хит болгон iPhone 4түн популярдуулугуна азгырылып, аны алуу үчүн бөйрөгүн саткан.

"Адамдарга эки бөйрөк кереги жок, бирөө жетиштүү. Бөйрөктү акчага алмаштырууга эмнеге болбосун?", - деген билдирүүнү ал интернеттен окуп калган.

Үй-бүлөсүнөн жашыруун түрдө ал адам органдарын саткан топ менен байланышкан. Андан кийин ага жергиликтүү ооруканада мыйзамсыз операция жасалган. Операциянын шарттары кооптуу болгондугу белгиленген. Бөйрөк мыйзамсыз уюмга дээрлик 3,5 миң долларга сатылган. Түшкөн акчага ал iPhone 4 жана iPad 2 сатып алган.

Ал эми Кытайдын түштүгүндөгү беш тургунга органдарды мыйзамсыз сатуу боюнча айып тагылган. Сот аларды Шанкундун үй-бүлөсүнө болжол менен 208 миң доллар өлчөмүндө акчалай компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок бул акча жигиттин тагдырын өзгөртө алган жок. Операциядан көп өтпөй эле, антисанитардык шарттардан улам анын олуттуу инфекциялары өрчүп, калган бөйрөгү иштебей калып, тез арада ооруканага жаткыруу талап кылынган.

Учурда ал үзгүлтүксүз диализге түшүп турат, анын дене табы көтөрүлүп, алсырап, гематурия байкалууда. Анын бөйрөгү 75 пайызы функциясын жоготкондугу кабарланууда. Азыр эркек киши 31 жашта, ага үчүнчү топтогу майыптык берилип, эч кандай жумуш аткара албайт. Ван Шанкун жаштыгында жасаган иши анын жашоосундагы эң чоң ката болгонун моюнга алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: