Кеминдеги суу коргоо аймагында мыйзамсыз курулуштар аныкталды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы тарабынан Кемин шаарындагы суу коргоо тилкесинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекемеден бүгүн, 3-октябрда билдиришти.
Текшерүүгө тиешелүү адистер жана комиссия мүчөлөрү тартылып, курулуштардын мыйзамдуулугу каралды.
Анын жыйынтыгында каналдын жээгине 1 метрден 4,8 метрге чейинки аралыкта мыйзамсыз курулган бир катар объекттер аныкталып, суу коргоо айланасынын талаптары бузулганы аныкталды. Ошондой эле айрым менчик ээлери тарабынан каналдын конструкциялары бузулуп, нормалар сакталбаганы белгиленди.
Мындан тышкары, суу коргоо аймагында металл конструкциялар орнотулуп, айрым дарактар суунун агышына тоскоолдук жаратканы да аныкталды. Комиссия мыйзам бузуу менен курулган объекттерди жоюу боюнча сунуштарды даярдап, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу чечимин кабыл алды.
Комиссиянын чечимине ылайык, мыйзамсыз курулуштарды жоюу, мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу жана тийиштүү чараларды көрүү максатында Кемин шаарынын мэриясына расмий сунуш берилди.
