Кытайдын Нарынга жакын аймагында эки жолу жер титирөө болду
Кытайдын Кыргызстан менен чектеш аймагында кечээ, 2-октябрда эки жолу жер титирөө катталды.
Чет элдик маалыматтар билдиргендей, биринчи жер титирөө саат 14:00дө болгон. Эпицентрдеги күчү 4 баллды түзүп, очогу 35 чакырым тереңдикте жайгашкан. Эпицентр Каракол шаарынан 170 чакырым түштүк тарапта орун алган.
Экинчи жер титирөө саат 17:53тө болуп, күчү 3,5 баллды түзгөн. Анын очогу Каракол шаарынан 165 чакырым түштүк-батышты карай, ал эми Нарын шаарынан 175 чакырым түштүк-чыгышты көздөй жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.