super.kg logo

Бельгия Израилдин элчисин министрликке чакырды

 

Бельгиянын Тышкы иштер министри Максим Прево Израилдин Күжүрмөн Сумуд флотуна эл аралык сууларда кийлигишүүсү олуттуу тынчсыздануу жаратканын билдирип, Израилдин Брюсселдеги элчисин министрликке чакырды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Превонун айтымында, камакка алынгандардын арасында 7 бельгиялык бар. Алар Ашдод портуна жеткирилген соң камак жайына которулары жана консулдук колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Министр алардын тез арада мекенине кайтарылышы негизги милдет экенин айтты.

Ал Израилдин аракеттерин кескин сындап, Газага гуманитардык жардам жеткирүүнү дипломатиялык жолдор жана санкциялар аркылуу улантууну сунуштады.

Маалымат үчүн: Күжүрмөн Сумуд флоту – Газага жардам жеткирүү үчүн чыккан эң ири флот болуп эсептелет. 1-октябрда Израил армиясы ондогон кеме менен кайыктарды мыйзамсыз тартып алып, жүздөгөн жүргүнчүнү камакка алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: