super.kg logo

"Тынч уктаңыздар". Путин Европанын башкаруучу элиталарына кайрылды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Европанын башкарып жаткан элиталарына кайрылып, Батыш Орусияны кандайча душман кылып көрсөтүп жатканын айтып берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Европадагы адамдардын көпчүлүгү түшүнө албай жатышат. Эмнеге Орусиядан мынчалык коркуу керек? Эмнеге ага каршы күрөшүү үчүн курларыңды көбөйтүп, өз кызыкчылыктарыңдан баш тартуу керек? Бул саясат өзүңө зыян келтире турган саясат болуп жатпайбы. Бирок биригип алган Европанын башкаруучу элиталары чыр-чатакты күчөтүүдө.

Орустар менен согуш дээрлик босогодо турат дегендей кылып, бул акылга сыйбаган нерсени, бул мантраны кайра-кайра кайталап жатышат. Мен аларады карап туруп, чын эле ушул майда ушак кептерге ишенип жатабы деп ойлонуп кетем. Алар айтылп жаткан сөздөрүнө ишенишпесе керек, талдайт чыгаар. Орусия НАТОго кол салганы жатат деп айткандарга ишенүү мүмкүн эмес. Бирок алар өз жарандарын ынандырууга аракет кылышууда.

Демек, бул кандай адамдар? Эгер чындап эле ишенишсе, анда өтө эле жөндөмсүз башкаруучуларбы? Анткени мындай сөзгө ишенүү мүмкүн эмес. Же жөн эле адепсиз адамдар, анткени өздөрү ишенбеген нерсеге башкаларды ишендирүүгө аракет кылышат. Башка кандай вариант болушу мүмкүн? Чын жүрөгүмдөн "Тынчтаныңыздар, тынч уктаңыздар, өз көйгөйлөрүңүздөр менен алектениңиздер" деп айткың келет. Европанын шаарларынын көчөлөрүндө эмне болуп жатканын караңыздарчы, экономика, өнөр жай жана маданияттын абалы кандай..." — деди Путин "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында.

Буга чейин да "Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып, Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын сөзүнө жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: