Мюнхен аэропортунда дрон коркунучунан улам аба каттамдары токтотулду
Германиянын Мюнхен шаарындагы эл аралык аэропортто аба мейкиндигинде дрондор байкалгандан кийин бардык аба каттамдары убактылуу токтотулду. Кеминде 17 каттам жокко чыгарылып, 3 миңдей жүргүнчү жабыркады, 15 учак башка шаарларга багытталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, полиция дрондор жергиликтүү убакыт менен 21:30да жана андан бир саат өткөндө көрүлгөнүн билдирди. Түн болгондуктан алардын түрү жана келип чыгышы аныкталган жок.
Акыркы апталарда Европанын бир нече өлкөсүндө ушундай окуялар катталууда. Дания, Норвегия жана Польшада да дрондордон улам аба мейкиндиги убактылуу жабылган. Алар Орусияны айыптоодо, бирок Москва четке какты.
Мюнхенде Октоберфест фестивалы учурунда мындай окуя болгонуна байланыштуу, миңдеген жүргүнчүлөр аэропортто түнөп калды. Аларга тамак-аш жана суусундуктар берилди.
