super.kg logo

Украинада печенье менен нанга уруксатсыз тийген 4 жашар бала ата-энесинин токмогунан каза болду

 

Украинанын Днепропетровск облустук прокуратурасынын башчысы жашы жете элек баланы өзгөчө мыкаачылык менен атайылап өлтүргөн үчүн жубайларга карата айыптоо корутундусуна кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, жубайлар 4 жаштагы баласын металл менен төрт күндөн ашык убакыт бою сабашкан. Анын себеби бала тил албай, үйдө нан менен печеньелерди уруксатсыз алганы болгон.

Айыпталуучулар баланы башка балдардын көзүнчө дагы сабашкан. Анын денесинде баш-аягы 12ден кем эмес, буту-колунан 10дон ашык жаракат алганы, анын ичинде ийининин чыгып кеткени жана колу сынганы аныкталган. Бала травматикалык шоктон каза болгон.

Учурда жубайлар камакта. Прокуратуранын жетекчиси сотто мамлекеттик айыптоону колдойт. Алар жасаган кылмыштары үчүн өмүр бою эркинен ажыратылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: