super.kg logo

Путин: "Газадагы абал адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу окуя"

 

Орусиянын президенти Владимир Путин Газадагы кырдаалды "заманбап адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу окуя" деп мүнөздөп, Палестина мамлекетин түзүүнү Израил–Палестина жаңжалын чечүүнүн негизги элементи катары атады. Бул туурлауу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, ал Сочиде өткөн "Валдай" эл аралык талкуу клубунда сүйлөп, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин "Газа балдар үчүн көрүстөнгө айланды" деген сөзүн эске салды.

Путин АКШ президенти Дональд Трамптын Газа боюнча планын карап чыгып, эгер бул эки өзүнчө мамлекет түзүүгө жардам берсе, Орусия аны колдоого даяр экенин билдирди. Ал Трамптын сунушунда эл аралык башкаруунун узак мөөнөткө түзүлүшү жана жергиликтүү полициянын тартылышы жаңжалдын чечилишине көмөкчү боло турганын кошумчалады.

Орусия лидери Хамас жана башка ислам өлкөлөрү пландын ишке ашышын колдосо, жаңжал чечүүдө чоң кадам болорун белгиледи. Ал Палестина маселеси тамырынан өз алдынча Палестина мамлекети түзүлүшү менен гана чечилиши керек экенин белгилеп, туткундар жана Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды бошотуу маанилүү экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: