1-январдан тарта тоолуу аймактардагы 3 жашка чейинки балдарга 3 миң сомдон жөлөк пул берилет
Министрлер кабинети “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөк пулун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-январынан баштап өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарында жашаган 3 жашка чейинки балдарга 3 миң сомдон жөлөк пул берилет.
"Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин айына 3000 миң сомдон жөлөк пул берилет", - деп жазылат тиешелүү тескемеде.
Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:14
2025-10-02
17:47
2025-10-02
Рейтинг:
0

