super.kg logo

Бишкекте Мерседес-Бенцтин айдоочусу жүргүнчүнү сүзүп кетти

 

Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Айтматов проспектисинде Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо өтүп бара жаткан жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында болгон. Анда 26 жаштагы Мерседес-Бенцтин айдоочусу түндүк багытка бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан 18 жаштагы жүргүнчүнү сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү жаракат алып, Тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт Бишкек милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Унаа айып короосуна коюлуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тараган. Анда көрүнгөндөй катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жолдо уруксат белгиси жок жерден өтүп бара жаткан жүргүнчүнү сүзүп, андан ары кетип калганын көрүүгө болот.

Эскертүү: Видео сезимтаал адамдарга сунушталбайт.






Бишкекте Мерседес-Бенцтин айдоочусу жүргүнчүнү учура сүздү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: