super.kg logo
  Саясат  

Токмокко 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүндү жана атайын техникалар тапшырылды

 

Бүгүн, 3-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техника жана кызматтык унаалар тапшырылды. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышканын атайын кызматтан билдиришти.

Ташиев Токмок шаарынын өнүгүүсү үчүн берилген техникалар президент Садыр Жапаровдун атынан берилгендигин белгиледи. Ал ошондой эле 29-сентябрда өлкө башчысынын фондунан 2 миллирад 55 миллион 500 миң сом каражат бөлүнгөнүн билдирди.

Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү ири долбоорлорду ишке ашырууга багытталат:

  1. Токмок шаарынын ички унаа жолдорун капиталдык оңдоо жана курулушу. Каржылоонун көлөмү: 1 миллирад 812 миллион 900 миң сом.
  2. Инфекциялык бөлүмдүн жаңы корпусун куруу. Каржылоо көлөмү: 134 миллион 600 миң сом.
  3. Коммуналдык техникаларды жана коомдук транспортту жаңыртуу. Пландалып жаткан сатып алуулар: 10 шаардык жүргүнчү автобустары жана 2 атайын кудуктарды казуу техникасы. Каржылоо көлөмү: 108 миллион сом.

Ошондой эле Токмок шаарындагы Пушкин атындагы №1 жана №2 орто мектептер үчүн кошумча окуу корпустарын куруу долбоору бар. 2026-жылы башталып, жалпы керектүү сумма 440 миллион сомду түзүп, 800 орундуу болот.

Ташиев жергиликтүү бийлик органдарына калк менен тыгыз иштешип, иштердин мөөнөтүн жана сапатын көзөмөлдөп, бюджеттик каражаттарды рационалдуу колдонууга тапшырма берди. Мындан тышкары, ал келерки жылы мамлекет шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө материалдык каражат бөлүүнү пландап жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: