super.kg logo

Ташиев алдыдагы шайлоодо бийлик мурункулардын катасын кайталабастыгын айтты

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы парламенттин шайлоодо азыр бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталастыгын айтты. Ал Саясат.kg порталына берген маегинде бийлик башындагылар тарабынан айрым талапкерлерге бата берилип жатат деген кептерди төгүндөдү.

"Мурунку бийликтер жасаган катаны биз кайталабайбыз. Ооба, бата берип жүрүшкөн. Мына ошол бата берген журт башчылары азыр кайда? Бизде орун алган бийлик алмашуулар, революциялар дал ушунун айынан чыкпады беле! Көндүм адаттын калышы кыйын, мен да айрым депутат болгусу келгендердин бизге жол издеп, жолугуп, бата алууга умтулуп жүрүшкөнүн билем. Жада калса, жакын адамдарыбыздын арасында да андайлар бар. Буга окшогондорго ажобуздун да, менин да убактыбыз жок. Өзүбүздүн жумуш чачтан көп, уйкубуз аз.

Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык, болушунча адам факторун азайттык. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. Эгерде биз өз адамдарыбызды алып келүүнү көздөсөк, анда ушунун баарын жасаштын эмне кереги бар эле? Эски шайлоо системин калтырып, жыргап жата бербейт белек",- деди атайын кызматтын башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: