Кыргызстан менен Иран маданий кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулады




Испаниянын Барселона шаарында өткөн Mondiacult 2025 конференциясынын алкагында маданият министри Мирбек Мамбеталиев Ирандын маданият жана ислам жетекчилиги министри Сейед Аббас Салехи менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар маданий кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө багытталган негизги маселелерди талкуулашты. Айрыкча тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү жана кинематография тармагындагы кызматташтык боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сейед Аббас Салехи Кыргызстан аймагынан табылган фарсы кол жазмаларын изилдөөгө ирандык тараптын кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Мирбек Мамбеталиев кийинки жылы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кыларын маалымдап, Иранды ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жолугушуусуна катышууга чакырды. Ошондой эле министр 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Иранды ардактуу конок болууга чакырды.
Тараптар биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү эки элдин достугун чыңдоодо жана алардын бай маданий мурасын даңазалоодо маанилүү кадам болорун белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:10
2025-10-03
22:14
2025-10-02
17:47
2025-10-02
Рейтинг:
0

