Финляндияда расмий түрдө НАТОнун аскерлеринин штабы ачылды
Орусиянын чек арасына эң жакын жайгашкан НАТОнун аскердик штабы Финляндиянын Миккели шаарында расмий түрдө ачылды. Ал Орусия чек арасынан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Штаб 1-сентябрдан тартып иштей баштаган, ал эми расмий ачылышы бүгүн болду.
Штабды норвегиялык Уве Стаурсет жана фин армиясынын башчысы генерал-лейтенант Паси Вялимяки жетектейт. Бул штабда АКШнын чыгыш жээгиндеги Норфолктогу НАТОнун башкы штабына баш ийген 50дөй кызматкер иштейт. Алар Финляндия, Швеция, Норвегия, Дания, Нидерланд, АКШ жана Улуу Британиянын аскерлеринен куралган.
Миккелидеги штабдын милдеттерине НАТОнун кургактагы күчтөрүнө жетекчилик кылуу жана Түндүк Европадагы улуттук армиялардын аракеттерин координациялоо, ошондой эле альянстын биргелешкен машыгууларына даярдык жана пландаштыруу кирет.
"Мамлекеттик коргонуу - биздин негизги кызыкчылыктарыбыздын бири. Биз Финляндиянын көз карашы толук эске алынышын жана НАТО бул жерде, Түндүк Европа өлкөлөрүндө кургактагы коргонууда күчтүү болушун каалайбы",- деди өлкөнүн коргоо министри Антти Хаккянен Yle порталына берген маегинде.
Финляндия 2023-жылы Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжал баштагандан бир жыл өткөн соң НАТОго кошулган.
